Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Акыйкатчы институту 2015-жылдан баштап сот процесстерине мониторинг жүргүзө баштады


Бул туурасында бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев ачык эшик иш-чарасында билдирди. Анын айтымында, Акыйкатчынын аппаратына сот чечимдерине нааразы болгондордон көптөгөн арыздар келип түшөт. Акыйкатчынын мыйзамы боюнча алар сот жараяндарына кийлигишпейт, бирок ал жердеги процедура, принцип-нормалардын сакталышына көз салып турууга укуктуу экенин, сот жараяндарына мониториг жүргүзө турган бул сектордун ишинин жыйынтыгы менен атайын сот акыйкаттыгы боюнча доклад даярдаларын билдирди.

Мындан тышкары Акыйкатчы аппараттын фукционалдык-структуралык реформа жүргүзүү аракеттери башталганын, келечекте мигранттардын, аскер кызматкерлеринин жана ишкерлердин укугун коргоо боюнча бөлүмдөрдү ачуу маселеси каралып жатканын билдирди.

Ушул тапта Акыйкатчы аппаратында 10го чукул бөлүм бар. Анда 80ге жакын киши иштейт. (AzK)

XS
SM
MD
LG