Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Ал соттошуп жаткан тараптарга сот отуруму тууралуу өз убагында кабар берилгенин, vb.kg сайтында жарыяланган тараптардын бири кабарланбагандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.
Жогорку Сот www.jogorku.sot.kg расмий сайтында Жогорку Соттун соттук коллегияларынын иштеринин ирети жарыялангандыгын жана жогоруда көрсөтүлгөн жарандык иш дагы жайгаштырылгандыгын белгилейт.
Кечээ “Вечерний Бишкек” басылмасы “Рубикондун” түзүүчүлөрү Александр Ким менен Анна Власенконун соттун 10-июнга белгиленгени туурасында расмий кабары жоктугун, бул туурасында алар массалык маалымат каражаттарындагы Александр Рябушкиндин айткан сөзүнөн улам гана кабардар болгонун билдирген. Басылма муну менен Жогорку сотту процессуалдык нормаларды бузгандыгын билдирген.
Александр Рябушкин өз арызында “Вечерний Бишкек” гезитине ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясы ага таандык экенин тастыктоону өтүнгөн. Буга чейин Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык соту Александр Рябушкиндин доо арызын канааттандырган.
Александр Рябушкин менен соттошуп жаткан Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцовдун билдирүүсүндө, алар да Биринчи Май жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко арыз жолдошкон. Ошондуктан эки арыздын бир каралышы күтүлүүдөө.(AzK)