Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ 8-июнда кечинде болгон шамалдан улам Горький атындагы көчөдөн кулап кеткен жарнамалык баннер басып калган төрт машиненин чыгымын баннердин ээси, OSSE фирмасы төлөп бермей болду. Шаардагы калган бак басып калган машинелердин ээлерине жардам берүү категориясы аныкталган соң алардын маселеси чечилет.
Бишкек боюнча 8-июнда ондогон бак-дарак кулап, 10 чакты машинени басып калган. (AzK\KE)