Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Бишкекте шамалдан улам жараат алган жарандар аныкталууда


Бишкек шаарынын Ленин районунда шамалдын кесепетинен үч киши ар кандай жараат алды. Алардын экөөнө чатырдан учуп түшкөн шыйпыр тийип, жабыркаган. Дагы бир кош бойлуу келинге кулап кеткен дубалдын урандылары тийип, жамбашы сынып, шаардык 4-ооруканага жеткирилди.

Шаардын вице-мэри Алтынай Өмүрбекова соңку 10 жыл аралыгында мындай кесепеттүү шамал болбогондугун билдирди. Ушул тапта жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча шаарда атайы штаб түзүлүп иштеп жатат. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG