Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Украин өкмөтү чукул жыйынга чогулду


Украина -- Күйүп жаткан мунай базасындагы өрт өчүргүч. 9-июнь, 2015.
Украина -- Күйүп жаткан мунай базасындагы өрт өчүргүч. 9-июнь, 2015.

Киев облусундагы мунай базасында чыккан өрттөн улам өкмөт чукул жыйынга чогулганын вице-премьер-министр Вячеслав Кириленко Твиттерге жазды. Жыйында өрттү тез арада токтотуу жана анын кесепеттерин жою чаралары талкууланууда. Соңку маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон базанын бир кызматкери каза таап, 12 адам жабыркады.

Киевден 30 чакырымдай аралыктагы Васильков шаарына жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт кечээ кечинде башталган. Аны өчүрүүгө 300дөй өрт өчүргүч тартылып, бирок майнап чыкпай жатат. Өрт адегенде мунай сактаган бир кампадан чыгып, жанындагы 900 метр куб. көлөмдөгү сегиз кампага жайылган. Азыр кеминде 16 мунай кампасы күйүп жатат.

Мындан улам Киев облусунда өрт коопсуздугунун жогорку чеги жарыяланып, куткаруучулар күйүп жаткан мунай базадан эки чакырым аралыктагы тегеректе жашаган элди чыгарууда.

XS
SM
MD
LG