Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Пакистанда аба соккуларынан кеминде 12 согушкер жок болду


Пакистан армиясынын өкүлдөрү өлкөнүн түндүк батышындагы уруулар көзөмөлдөгөн аймактагы аба соккуларынан кеминде 12 согушкердин көзү тазаланганын кабарлады. Операция 19 согушкер жок кылынып, 7 аскер ажал тапкан Түндүк Вазиристандагы эки күн мурдагы кагылышуудан соң, 9-июнда ооган чек арасына жакын Хайбер аймагында жүргүзүлдү.

Пакистан былтыр июнда Түндүк Вазиристандагы согушкерлерге каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Ушундай эле иш-чара Хайбер аймагында да жүрүүдө.

Бул аймак журналисттер үчүн жабык болгондуктан өлгөндөрдүн так санын аныктоо үчүн көз карандысыз эсеп жүргүзүү кыйын.

XS
SM
MD
LG