АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба соккусуна таянган Ирак аскерлери Байжи шаарына алып барган стратегиялык жолго көзөмөлдү колго алды. Тикриттен түндүктү карай кеткен Багдад - Мосул кан жолундагы бул жерде мунайды кайра иштетүүчү ири завод да жайгашкан.
Пентагон Ирак аскерий өкүлдөрүнүн мындай билдирүүсүн тастыктап, коопсуздук күчтөрү шаардын борборуна киргенин кошумчалады.
Пентагондун маалымат катчысы, полковник Стив Уоррен өлкөдөгү мунай иштетүүчү эң ири завод алынганы тууралуу маалыматты тастыктоого жана шаар бошотулду деп айтууга азырынча даяр эмес экенин билдирди. Бирок ал бир топ жылыш байкалганын, аскерлер шаардын ичин көздөй жылып, душмандарды сүрүп чыгарып жатканын кошумчалады.