Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Украинадагы өрт беш өмүрдү жалмады


Украина -- Мунай кампасындагы өрт. 8-июнь, 2015.
Украина -- Мунай кампасындагы өрт. 8-июнь, 2015.

Киевге жакын жердеги мунай базасынан чыккан өрттөн беш адам каза тапканын өлкө бийликтери кабарлашты. Мерт болгондордун арасында буга чейин дайыны чыкпай жаткан үч өрт өчүрүүчү да бар. Алар тилсиз жоо менен күрөшүп жатканда чыккан катуу жарылуудан кийин табылбай жаткан. Мындан сырткары дагы 12 адам жабыркаганы кабарланууда.

Ички иштер министри Арсен Аваков жергиликтүү телекөрсөтүү аркылуу өрткө байланышкан абал алдыдагы 12 саат ичинде жайгарыларын айтты.

Киевден 30 чакырымдай аралыктагы Васильков шаарына жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт кечээ кечинде башталган. Өрт адегенде мунай сактаган бир кампадан чыгып, жанындагы 900 метр куб. көлөмдөгү сегиз кампага жайылган. Кийинчерээк 16 мунай кампасы күйүп жатканы айтылган.

Украин Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Зорян Шкиряк полиция кырсыктын себептерин иликтеп жатканын билдирди. Анын айтымында, азырынча "күйүүчү майды сактоо эрежелеринин бузулушу, техникалык оң эместиктер жана атайлап өрттөө" деген үч божомол каралууда.

XS
SM
MD
LG