Москвада маданият өкүлдөрүнүн арасында өтүп жаткан “Арт футбол - 2015” дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы 9-июнь күнү германиялыктар менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыгышты. Оюн «Крылья Советов» стадионунда өттү.
Кыргызстандыктар алгач Казакстандын командасы менен ойноп, эсеп 2:2 болгон. Эми жарым финалга чыгуу үчүн 11-июнда Түштүк Кореянын искусство чеберлери менен таймашат.
Кыргызстандын курамасында бийчи Атай Өмүрзаков, “Тумар КG” тобу, актёр Мирлан Абдыкалыков, "Соленые орешки" ансамблинин солисти Төлөн Турсуналиев, спорт серепчиси Тахир Гафуров, ырчылар Данияр Дөлөтбаков жана Куралбек Чокоев бар. Ошондой эле кесипкөй футболчулар Руслан Сыдыков менен Евгений Пилипас да курамда ойноп жатат. Команданы Израилдин футбол боюнча Улуттук лигасынын тренери Альберт Соломонов машыктырууда.
Быйылкы чемпионатта дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн өнөр адамдарынан турган командалар ат салышууда. Кыргызстан бул таймашка алгачкы жолу катышып жатат. (LzT)