Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

Баткенде балдар үчүн жайкы диний курстар ачылды


Баткен облустук казыяты мектеп окуучулары үчүн жайкы диний курстарды ачты. Бул тууралуу “Азаттыкка” облус казысы Пазыл Султанмуратов билдирди. Курстар Баткен шаарында жана район борборлорундагы медреселерде уюштурулган. Анда балдарга жергиликтүү молдолор Куран окууну үйрөтөт, диний таалим-тарбия берет.

- Окутуулардын баары каттоодон өткөн медресе жана мечиттерде жүргүзүлөт. Максатыбыз – диний экстремизмдин кесепетин балдарга жаш кезинен үйрөтүү,- дейт Султанмуратов.

Курстар бир жана эки айлык мөөнөттө болот. Балдардын тамак-ашы жана жатаканасы үчүн ата-энелердин каалоосуна жараша акы алынат. (SE)

XS
SM
MD
LG