Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Оштогу калаба тууралуу спектакль көрсөтүлөт


Июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү. 2012-жыл, Ош шаары.
Июнь коогасынын курмандыктарын эскерүү. 2012-жыл, Ош шаары.

Бишкектеги “Туңгуч” театры 2010-жылкы июнь калабасы тууралуу “Биригүү” деп аталган спектакль даярдады. Аталган театрдан кабарлашкандай, чыгарма көрүүчүлөргө бүгүн сунушталат.

Ал эми Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн коогада мерт кеткендер эскерилип, куран окутулат. Жергиликтүү жетекчилер, коомдук ишмерлер өлгөндөргө арнап орнотулган “Эненин көз жашы” монументине гүл коюшат. Ошондой эле каза тапкандардын үйлөрүнө барып, жакындарынан кабар алышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2010-жылдын 10-июнунда Ошто тутанган жаңжалда төрт жүздөн ашуун адам көз жумган. (SE)

XS
SM
MD
LG