Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

2010-жылкы июнь коогасына беш жыл болду


Бүгүн кооганын беш жылдыгына карата Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында илимий-практикалык конференция да өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында президенттин кайрылуусу менен Президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев тааныштырды.

Анда президент Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жашаган 400дөн ашуун мекендештерибиздин өмүрүн алган бул окуя кыргызстандыктардын жүрөгүндө өчпөс так калтырганын, бул акыркы 50 жыл ичинде ушул аймактагы этностор аралык карама-каршылыктардан келип чыккан үчүнчү жолку кагылыш экенин белгилеген. Президент өз сөзүндө июнь окуяларына объективдүү көз жүгүртүү, трагедиянын себептерине жана анын сабактарына илимий баа берүү мамлекетибизге жана коомубузга келечекте мындай каргашаны болтурбоого жардам берерин билдирди.

Ал өткөн беш жыл ичинде окуя туурасында көп материалдар чогулуп, анын себептерин адегенде улуттук комиссия, андан соң парламенттик жана эл аралык комиссиялар иликтегенин, этностор аралык мамилелерди жана элдин биримдигин бекемдөө Концепциясы бекитилгенин айтып, эми мунун барын Кыргызстандын илимпоздору терең изилдеп, жыйынтыктарды жана сунуштарды бериши керектигин айтты.

Кайрылууда баштан кечирген оор сыноону унутта калтырбай, андан сабак алуу аркылуу эл достугун, ынтымакты чыңдоо, күчтүү жана эркин Кыргызстанды куруу зарылдыгы белгиленген.

Бүгүнкү иш-чарага бийлик өкүлдөрү жана региондон келген тарыхчылар катышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG