Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:06

Улуттук хирургия борборунда жаӊы лабораториялар ачылууда


Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда жалпы анализдерди алуучу жаӊы заманбап эки лаборатория ачылды. Кабыл алуучу бөлүмдөгү экспресс лаборатория кечки саат онго чейин каалоочуларды кабыл алып, кан, заара сыяктуу жалпы анализдерди алат. Бардык жабдыктар жаӊы жана заманбап талапка жооп берет деп маалымдайт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ал эми июль айында ишке кирүүчү экинчи лабораториядан бардык оорулуулар адистердин текшерүүсүнөн өтүп, кеӊеш ала алышат. Улуттук хирургия борборуна күнүнө орто эсеп менен 80 оорулуу кайрылып, алардын 50 процентине операция жасалат. Жаӊы жайларда анализдер менчик лабораторияларга салыштырмалуу бир кыйла арзан болору айтылууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG