Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Орусияда биометрикалык маалыматын берген мигранттардын саны аз болууда


Бул туурасында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча Москва, Екатеринбург, Новосибирск шаарларындагы коомдук жайларда атайы пункттар ачылганы менен ага кайрылгандардын саны аз.

Айрым депутаттар биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча маалыматтык кампанияны күчтөндүрүү маселеси актуалдуу бойдон калып жатканын билдирип, мамлекет жарандарга максималдуу түрдө шарт түзүп берүүгө милдеттүү экенин билдирүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, 2015-жылдын 1-июнуна карата Орусияда жашаган 6853 жаран гана биометрикалык маалымат тапшырган.

Расмий маалыматка караганда ушул тапта Орусияда 508 миң 2013 Кыргызстандын жараны жашайт. Расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны 1 миллионго чукул. (AzK)

XS
SM
MD
LG