Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:47

Батыров менен Худайбердиев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылды


Июнь калабасын тутанткан деп айыпталган Кадыржан Батыров жана ОшТВ телекомпаниясынын мурдагы директору Халил Худайбердиев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга ачык кат жолдоду.

11-июнда Кыргызстанга келиши күтүлүп жаткан баш катчыга жазылган кайрылууда Кыргызстандагы этностук азчылыктардын укугун коргоо маселесине көңүл бурууну суранышкан. Алар республикалык жалпы тестирлөөдөн өзбек тилинин алынып салынышын, Коомдук телеканалда башка улуттардын дарегине айтылган ар кандай пикирлердин берилишин басмырлоо катары сыпатташкан.

Июнь коогасын иликтөө Кыргызстанда бир тараптуу жүрүп, өзбек коомчулугунун лидерлерин айыптоого багытталганын, мындан улам Кыргызстанда жашаган бир канча өзбек жарандары мыйзамсыз камалуудан качып, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгилешкен.

- Кыргызстандын бийлигине өлкөдөгү ар бир жаран улутуна, динине карабай бирдей укукка ээ экендигин эскертүүнү суранабыз,- деп айтылат кайрылууда.

Пан Ги Мун Кыргызстанга 11-июнда келет. Ал өлкө жетекчилиги менен жолугуп, беш жыл мурун калабаны баштан өткөргөн Ош шаарынын бүгүнкү абалы менен таанышмакчы.

Кадыржан Батыров былтыр Ош шаардык сотунун өкүмү боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2010-жылкы июнь окуяларын уюштурган жана козутканы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Халилжан Худайбердиев 2010-жылдагы июнь калабасынан соң Кыргызстандан үй-бүлөсүн алып чыгып кетип, АКШнын Сиэтл шаарынан саясий башпаанек тапкан.

Бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев элге кайрылуусунда июнь окуясын уюштургандар өз элине чыккынчылык кылып, адилет соттон качып, бөтөн жерде жүргөндүгүн билдирди. Ал июнь трагедиясынын отун сырткы күчтөрдүн тукуруусу менен ички бузуку күчтөр тутандырып, сепаратисттердин анабашылары Кыргызстандын жаңы бийлигине өз эркин таңуулап, күч көрсөткүсү келгенин белгилеп, алар жазасын аларын белгилеп өттү. (AzK)

XS
SM
MD
LG