Бирок бийликтер эми өрттүн жайылып кетүү коркунучу жоктугун айтышууда.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы Микола Чечоткин бүгүн билдиргендей, борбор Киевден 30 чакырымдай алыcтыктагы өрттөн беш адам өлүп, кеминде он экиси жаракат алды.
Васильков шаарчасындагы кампада күйүүчү май куюлган чандардын алтоосу али өрттөнүп жатат.
Күйүүчү май кампасындагы өрт 8-июнь кечинде тутанып, кечээ эртең менен катуу жарылуу болгон эле.
Украин полициясы тилсиз жоого май сактоонун эрежелери жана техникалык талаптар сакталбаганы же атайлап от коюу себеп болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Кампанын ээлери өрт атайлап жасалган иш экенин айтып жатышат. (UE)