Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

АКШ Ирактагы аскерий машыктыруучуларын көбөйтөт


Америкалык расмий өкүлдөр билдиргендей, президент Барак Обама Ирактагы аскерий машыктыруучулар менен кеңешчилер саны көбөйтүлөрүн жакын арада жарыялары күтүлүүдө.

Ак үй Иракка дагы бир миңдей адисти жиберүүнү, ага катар бул өлкөнүн Анбар провинциясында жаңы аскерий база түзүүнү караштырып жатат.

АКШ президенти мындай кадамга оппозициядагы республикачылар аны "Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүү боюнча “толук стратегиясы” жок деп сындаган жана Ирак өкмөтү жардамды көбөйтүүнү сураган учурда барууда.

Кошмо Штаттардын Иракта азыр 3000дей аскер машыктыруучусу жана кеңешчиси бар. Алар буга дейре Ирактын 9000ге жакын аскерин даярдады, дагы 2600сү машыгуудан азыр өтүүдө.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШ Ирактын күчтөрүн машыктыруу менен катар эми бул ишке суннит урууларынын ыктыярчыларын тартууга да басып жасайт.

Ирактын суннит мусулмандары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшкө азыр жакшы аралаша элек.

Мунун негизги себеби - алар Багдадда шииттер башкарган өкмөткө ишенбегени. (UE)

XS
SM
MD
LG