Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Полковник Т. Шоноевдин өлүмү боюнча сот отуруму 24-июнда уланат


Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 9-июнда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча жетекчиси, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө тийиштиги бар деп айыпталган уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Кадырбек Досоновго карата сот отуруму башталган.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Анын денесине атылган октун бешөө тийип, набыт болгон. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар жазасын алышкан. Кадырбек Досонов качып жүргөндүгүнө байланыштуу, жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Ал укук коргоо кызматкерлери тарабынан 2015-жылдын 6-февралында колго түшүрүлгөн.

Кара-Суу райондук сотундагы кийинки сот отуруму 24-июнда уланат.(AzK)

XS
SM
MD
LG