Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Өзбек ишмерлери Пан Ги Мунга кайрылууну негизсиз деп эсептешет


Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидерлери Батыров менен Худайбердиевдин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылуусун негизсиз деп эсептешет. Парламенттин экс-депутаты, өзбек коомчулугунун лидерлеринин бири Бөрүбай Жураев эл тынч жашап жаткан учурда мындай кайрылууларды жасоонун өзүн туура эмес кадам деп эсептейт.

“Өздөрү жаштарды жаман ишке баштап коюп, качып кетишти. Анын артынан жөнөкөй эл жабыркады. Азыр өткөндү ойлой бербей, алдыга жылуу керек. Элибиз бир калыпка түшүп келе жатканда четте туруп алып мындай билдирүүлөрдү таратуу туура эмес”,- дейт ал.

Ошондой эле парламенттин дагы бир экс-депутаты, техника илимдеринин доктору Мухамеджан Мамасаидов мындай кайрылуу жасоого азыр негиз жок экендигин, ушул тапта мамлекеттин саясаты биримдикке, тынчтыкка, ынтымакка багытталганын, эң негизгиси өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп турганы чоң олжо экендигин белгиледи.

Бүгүн июнь калабасын тутанткан деп айыпталган Кадыржан Батыров жана ОшТВ телекомпаниясынын мурдагы директору Халил Худайбердиев БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга ачык кат жолдоп, анда Кыргызстандагы этностук азчылыктардын укугун коргоо маселесине көңүл бурууну суранышкан. Алар июнь коогасын иликтөө Кыргызстанда бир тараптуу жүрүп, өзбек коомчулугунун лидерлерин айыптоого багытталганын, мындан улам Кыргызстанда жашаган бир канча өзбек жарандары мыйзамсыз камалуудан качып, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгилешкен.

Пан Ги Мун Кыргызстанга 11-июнда келет. Ал өлкө жетекчилиги менен жолугуп, беш жыл мурун калабаны баштан өткөргөн Ош шаарынын бүгүнкү абалы менен таанышмакчы. (AzK)

XS
SM
MD
LG