Краснодар крайынын соту Хайсер Жемилевди атайылап эмес адам өлтүргөнү, курал жана ок-дары сактаганы үчүн айыптуу деп таап, беш жылга кести. Анын адвокаты бул өкүмдү мыйзамсыз деп атап, апелляцияга берерин билдирүүдө.
Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин уулу Хайсер Жемилевди 2013-жылы майда досун атып өлтүрүп алганы үчүн украин бийлиги камаган.
Ал кырсык этиятсыздыктан улам болгонун айтып келген. 2014-жылы мартта Крым аннексиялангандан кийин жергиликтүү бийлик анын өзүн жана ишин кароону Краснодар крайына которуп жиберишкен болчу.
Бир катар укук коргоочулар бул кадамды Орусиянын Мустафа Жемилевге кысым көргөзүү аргасы катары баалашкан.
Жемилев Крым татарларынын лидери катары жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышына караманча каршы чыккан. Азыр Крымга кире албай калган 71 жаштагы Жемилев уулу орус бийликтеринин барымтасында калганын айтып жүрөт.