Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Таш-Көмүрдө жаштар үчүн Маалымат-ресурстук борбор ачылды


Бүгүн Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында алгачкы Маалымат-ресурстук борбор ачылды. Борбор толугу менен кайрадан курулган шаардык китепкананын базасында жайгашкан жана каалоочулар Wi-Fi бар электрондук китепкананы колдоно алышат. Борбордун түзүүчүлөрү эми каалагандар актуалдуу маалыматтарды алып, Кыргызстанда да, чет жактарда да өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кабардар боло алышарын айтышты.

Расмий бөлүмдөн кийин коноктор шаардын жаштары майрамга карата даярдаган концерттик программага күбө болушуп, заманбап жабдууларды жана техникаларды өздөштүрүп, жаңы борбордун имараты менен таанышып чыгышты.

Бул борбор «Жаштардын жана мамлекеттик структуралардын өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр шаарындагы жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү» долбоорунун жардамы менен ишке ашты. Долбоорду Таш-Көмүр шаардык мэриясынын социалдык тапшырыгы боюнча Жаштарды өнүктүрүү институту ишке ашырган.

XS
SM
MD
LG