Жогорку Кеңештин алдына бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыгып, Канжар Кадыралиевдин камалбай жатканына байланыштуу нааразылыгын билдирет. Ал Кадыралиевдин бир тууганы Ыргал Кадыралиевадан депутаттык мандатын тапшыруусун да талап кылмакчы. Токтонасыров депутат чыгып жолукмайынча пикетти уланта берерин “Азаттыкка” билдирди.
Канжар Кадыралиев мурда Ош шаардык прокуратурасында иштеген. Ага бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган.
Ички иштер министрлиги айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккандан соң камакка алынарын билдирген. (SE)