Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Пан Ги Мун Кыргызстанга келди


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун
БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанга Борбор Азияга сапарынын алкагында келди. Уюмдун маалымат кызматы билдиргендей, ал президент Алмазбек Атамбаев, спикер Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугат. Андан сырткары беш жыл мурун кандуу калабаны башынан өткөргөн Ош шаарынын азыркы абалы менен таанышат.

Ал эми БУУ баш катчысынын жубайы Пан Сун Дэк Бишкектеги Улуттук китепканага барып жолугушуу өткөрөт жана балдар үчүн англис тилинде китеп окуп берет.

Пан Ги Мун ушул жума аралыгында Борбор Азиядагы беш мамлекетти кыдырууда. (SE)

XS
SM
MD
LG