Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Кыргызстанда төрт жылда 64 жоокер каза тапкан


Кыргыз армиясында соңку төрт жылда 70ке жакын жоокер кызмат өтөп жатканда ар кандай себептерден улам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абадда өтүп жаткан куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, 2010-2013-жылдар аралыгында өлөдөгү аскер бөлүктөрдө 50 жоокер каза тапса, былтыр алардын саны 14ке жеткен. Алардын 53% өз жанын кыйышкан. Бул фактылар боюнча 19 кылмыш иши козголгон.

Эксперттер кыргыз армиясында чоңсунуу күч болгонун айтып, жалпысынан бир улуттуу деп сындап келишет. Аскерге чакырылгандардын 94,6% кыргыздар, 1,8% өзбектер жана 0,7% орус улутундагылар түзөт. (RsK/UEz)

XS
SM
MD
LG