Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Түштүк Корея МЕРС вирусунан улам насыялар боюнча үстөгүн кыскартты


МЕРС вирусунан коргонуу чаралары. Сеул, 2-июнь, 2015-жыл.
МЕРС вирусунан коргонуу чаралары. Сеул, 2-июнь, 2015-жыл.

Өлкөнүн Улуттук банкы өз чечимин саламаттыкты сактоо адистери МЕРС вирусу боюнча дагы жаңы он төрт учур катталганын айтышканына тушташ жарыялады.

Насыялар боюнча үстөктү азайтуу Түштүк Корея бийликтеринен "Жакынкы Чыгыш дем алуу синдрому" деген вирустан улам экспорт кыскара баштаганына жооп чарасы.

Вирус алгач катталган май айынан бери Түштүк Кореяда тогуз кишинин өмүрү кыйылды, ал эми жуктургандар саны 122ге жетти.

Бул вирус алгач чыккан Сауд Аравиядан кийинки экинчи чоң көрсөткүч. Дагы миңдеген адам өлкөдө карантинге алынды.

Экономисттердин эсебинде, МЕРС вирусунан улам Азиянын төртүнчү экономикасы - Түштүк Кореяда кайра жандануу токтоп калышы мүмкүн.

Өкмөттүн соңку маалыматтары экспорттун көрсөткүчү быйыл майда акыркы алты жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөнүн көргөзүүдө. Буга глобалдык суроо-талаптын азайганы, улуттук валюта кубаттанганы да салым кошту. (UE)

XS
SM
MD
LG