Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:27

Ош шаары 2016-жылы таза суу менен камсыз болот


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы Озгур суу тазалоочу станциянын курулушу менен таанышуу учурунда билдирди. Премьер Ошту таза суу менен камсыздоо долбоору эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен ишке ашарын айтты.

Суу тазалоочу станциянын 3-линиясын курууга Азия өнүктүрүү банкынан 57 млн. сом бөлүнгөн. Учурда станцияга ылай сууну өткөрбөө үчүн 18 млн. сомдук дамба курулуп жатат. Курулуштар бүтсө Ош шаарын таза суу менен камсыздоо суткасына 70 миң кубга көбөйөт. Буга чейинки эки линия Ош шаарына суткасына 130 миң куб таза суу берсе, 2016-жылдан тарта суткасына 200 миң кубдан берилет. (YI)

XS
SM
MD
LG