Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Батыралиев: Кадыралиевдин саламаттыгын атайын комиссия текшерет


Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, кылмышка шектелген Канжар Кадыралиевдин саламаттыгын атайын комиссия текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, атайын медкомиссия Кадыралиевдин ооруканада кайсы оорунун негизинде жатканын, анын дарылануусу эмне үчүн узакка созулуп кеткенин текшерет.

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге Кылмыш кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары кызматынан бошотулган.

Ички иштер министрлиги айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккандан соң камакка алынарын билдирген. Кадыралиевдин ооруканага түшкөнүнө эки жарым ай болду. (UEz)

XS
SM
MD
LG