Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Укук коргоочулар Пан Ги Мунга кайрылуу жолдошту


Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров

Кыргызстандын айрым укук коргоочулары БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Айтымында, алар Пан Ги Мундан укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууну жана парламент 1-окууда жактырган чет элдик тыңчы мыйзамын жокко чыгарууну суранышкан. Алардын билдирүүсүндө мындай мыйзам адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга караманча каршы келет.

Исмаилованын жүйөсүндө Аскаров ак жеринен абакта отурат жана саламаттыгынын начардыгына байланыштуу тезинен эркиндикке чыгуусу зарыл.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча соттолгон. 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргондо улут аралык чатакка жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн милиционери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин анын ишин кайра кароого чакырып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG