Шашылыш эскертүү
11-12-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
12-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда 12…17, 28…33;
Талас облусунда 10…15, 27…32;
Баткенде 11…16, 27…32;
Ош, Жалал-Абадда 14…19, 29…34;
Ысык-Көлдө 3…8, 18…23;
Нарын облсусунда 2…7, 18…23;
12-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болот.