Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Онтарионун Жогорку Соту "Центерранын" акцияларын камактан бошотту


Онтарионун Жогорку Сотунун апелляциялык бөлүмү “Кыргызалтын” ишканасынын доо арызын канааттандырып, Кыргызстандын “Центеррадагы” 47 млн. акциясын жана дивиденддерин камактан бошотту. Бул тууралуу” Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты.

2014-жылдын 30-июнунда Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде өткөн аптада Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. 20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамга бара турганын кошумчалаган.(UEz)

XS
SM
MD
LG