Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычында Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде утуп алды. Оюн бүгүн, 11-июнда Дакка шаарындагы «Бангабагду» стадионунда болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Алгачкы голду 8-мүнөттө кыргыз футболчулары тараптан Антон Землянухин киргизди. 29-мүнөттө Едгар Бернхардт айып тобун тээп, экинчи голду Кыргызстандын эсебине жазды. 32-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Валерий Кичинге кокусунан топ тийип кыргызстандыктардын дарбазасына автогол кирип кетти. Көп өтпөй эле 41-мүнөттө Антон Землянухин кайрадан атаандаш дарбазасына топ киргизди.
Аталган командалар Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр арасында тандоодо В тайпасында ойноп жатышат. Тандоо оюндарынын алкагында кезектеги оюнду Кыргызстан Бишкекте Австралия курамасы менен ойнойт. Оюн 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Билеттер 12-июнда сатыкка чыгарылат. Баасы 150 сомдон 500 сомго чейин. (ECh)