Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Максат Чакиев үй камагына чыкты


Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Милицияга пара берди деп шектелген Максат Чакиевди эки айга камакка алуу чечими 30-майда чыккан эле.

Максат Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Күч түзүмдөрү ишиндеги мыйзам бузууну жабуу үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG