Кытайдын ички коопсуздук мекемесинин мурдагы башчысы Чжоу Юнкан өмүр бою эркинен ажыратылганын бүгүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады. 72 жаштагы Юнкан "пара алган", "кызматынан кыянат пайдаланган", “мамлекеттик жашыруун сырды атайлап шардана кылган" деп табылган.
“Синхуа” агенттиги кабарлагандай, Чжоу Юнкандын үстүнөн сот өлкө түндүгүндөгү Тянцзин шаарында өтүп, ал күнөөсүн мойнуна алды.
2012-жылы пенсияга чыкканга чейин 2002-2007-жылдары Коомдук коопсуздук министрлигин башкарган, Саясий бюронун туруктуу комитетинин мүчөсү болгон Юнкан Кытайдагы эң кубаттуу чиновниктердин бири деп саналчу. Ал былтыр камакка алынып, расмий айып быйыл апрелде коюлган.
Чжоу Юнкан азыркы президент Си Цзинпин коррупцияга каршы күрөш жарыялагандан бери соттолгон мурдагы чиновниктердин эң жогорку даражалуусу, кытай президентинин сөзү менен айтканда “жолборстордун” бири.
Си Цзинпин бийликке келгенден кийин партиялык чиновниктер арасында коррупциянын тамырын кыркууну өз ишинин борбордук бөлүгү кылып жарыялаган, тазалоо партиянын төмөнкүсүнөн жогорку тепкичиндегилерге чейин жүргүзүлөрүн убада кылган эле. (UE)