Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Бишкекте Кыргызстан менен Австралия футболчулары беттешет


16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, билеттер 12-июнь күнү сатыкка чыгат. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтөт.

Кечээ кыргызстандыктар Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде утуп алган. Оюн Дакка шаарындагы «Бангабагду» стадионунда өткөн.

Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр арасында тандоодо В тайпасында ойноп жатат. (ECh/SE)

XS
SM
MD
LG