Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Иракта Саддам Хусейндин досунун сөөгү жоголду


Тарик Азиз
Тарик Азиз

Саддам Хусейндин мурдагы жардамчысы, жакын кеңешчиси аталган Тарик Азиздин сөөгү табылбай жатат. Ал өткөн жумада абакта каза болгон эле. Табыт Багдаддагы эл аралык аэропортто жоголгон. Маркумду жубайы Иорданияга алып кетип жаткан болчу. Royal Jordanian авиакомпаниясы учакка табыт жүктөлгөн эместигин билдирди. Ирак бийлиги азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Тарик Азиз Насиридеги түрмөдө өлүм жазасын күтүп жаткан болчу. Бирок жүрөк оорусунан улам өткөн апта көз жумган. Ал 2010-жылы шийиттер партиясына каршы аракеттери үчүн камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG