Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

УКМК: Ирактагы кыргыз балдардын сүрөтү боюнча окуя иликтенет


Жоанна Парашук Твиттерге жарыялаган сүрөт
Жоанна Парашук Твиттерге жарыялаган сүрөт

Британиялык журналист Жоанна Парашук “Твиттерге” Иракта жүргөн кыргыз балдар тууралуу жарыялаган сүрөт иликтенет. Азырынча алар чын эле кыргызстандыктарбы же башкабы, анык эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сирия жана Ирактагы жаңжалдарга катышып жүргөндөр арасынан орусча сүйлөй алган согушкерлер жөнүндө макала даярдоо менен алектенген британиялык журналист бейшемби күнү “Твиттердеги” баракчасына аскер кийимчен, автомат көтөргөн 9-10 жаштардагы эки баланын сүрөтүн жайгаштырып, алар кыргызстандык экендигин жазган.

Учурда Сириядагы согушта жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны үч жүздөн ашат. Алардын айрымдары бала-чакасы менен кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG