Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Чоң-Алайдын активисттери аким тандоо жараянына нааразы


Чоң-Алай районунун депутаттары жана жаш активисттери аким тандоо жараяны боюнча нааразылыгын билдирүүдө. Бул туурасында кайрылууну алар президентке, өкмөт башчыга жана жалпы коомчулукка жолдошту. Кайрылууда активисттер Чоң-Алай районунун акимдик кызматына мурда айыл өкмөт болуп иштеген Жумадил Жапаров аттуу жаранды алып келүү аракети жүрүп жатканына нааразы болуп, аймакта анын ордуна иштей турган татыктуу кадрларга көңүл бурулбай калганын белгилешет.

Кайрылууда Жумадил Жапаровго айыл өкмөтү болуп иштеп турган мезгилде кытай жарандарына жерлерди туура эмес саткан деген берене менен иш козголгондугу айтылат.

Кайрылуу ээлери бул жагдайга бийлик көңүл буруп чара көрүүсүн өтүнүүдө. Ош облусундагы Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиевди кызматтан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев 1-июнда кол койгон. Анын кызматтан кетүүсүн жергиликтүү кеңештин депутаттары эки жылдан бери талап кылып келген. Алар бул нааразылыктарын райондо өнүгүү болбой, айыл чарба жана кен тармактарындагы көйгөйлөр чечилбей жатканы менен байланыштырган. (AzK)

XS
SM
MD
LG