Өзбекстандын 29 жаштагы жараны Акмал Закиров Нью-Йоркто “Ислам мамлекети” тобуна cогушкерлерди тартууну көздөгөн деп айыпталып жаткан бешинчи адам болду.
Террористтик уюмга материалдык колдоо көргөзүү максатында кутумга барган деп айыпталып жаткан Закиров Бруклиндеги федералдык соттогу угууда күнөөсүн мойнуна алган жок.
Ал эми сотко кайра 16-июнда буга чейин айыпталган төрт адам: Абдурасул Журабоев, Дилхайот Касимов, Аброр Хабибов жана Ахрор Сайдахметов менен чогуу алынып келинет.
Булардын ичинен Ахрор Сайдахметов казакстандык, калганы өзбекстандыктар.
Америкалык прокурорлор эсебинде, Сайдахметов менен Журабоев “Ислам мамлекети” тобуна кошулуу үчүн Сирияга барууну мерчемдешкен.
Ал эми Закиров менен Хабибов Сайдахметовдун жол киресин жана калган чыгымдарын көтөрүүнү, бул ишке башка адамдарды да тартууну талкуулашкан.
Прокурорлор белгилегендей, Сайдахметовдун Сирияга жөнөөсү мерчемделгенден сегиз күн алдында бир нече нече киши Закировдун банк эсебине 2400 доллар которушкан.
Эгер, Закиров айыптуу деп табылса, отуз жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Аны менен бирге чогуу айыпталып жаткандар да күнөөсүн мойнуна алган жок. (UE)