Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:32

Бүгүн Бакуда ачылып жаткан Биринчи Европа оюндарын утурлай абактагы журналист Хадича Исмаилованын каты Нью-Йорк Таймс гезитинин 12-июнда чыккан санына жарыяланды.

Журналист эл аралык коомчулукту Биринчи Европа оюндарын өткөрүп жаткан Бакуга адам укуктары боюнча маселени көз жаздымда калтырууга жол бербөөгө чакырат. Азербайжан бийликтери өзүндөй журналисттерди, адам укугун коргоочулар менен активисттерди “көздөн далдоо” жерге камап салганын жазат.

Исмаилова “жогорку катмар коррупциядан туйтунуп жатса, карапайым адамдар жашоо, иштөө жана эркиндик үчүн азап чегип” келатканын айтып, эл аралык коомчулукту президент Алиевге басымды күчөтүүгө чакырат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист, жарандык активист Исмаилова алты айдан бери абакта соттун чечимин күтүп жатат. Анын жактоочулары Исмаилова президент Алиевдин бийлигиндеги коррупциялык схемалардын бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү үчүн камалганын айтышат.

XS
SM
MD
LG