Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ирандын экс-президентинин уулу 10 жылга кесилди


Хашеми Рафсанжини
Хашеми Рафсанжини

Иранда апелляциялык сот экс-президент Хашеми Рафсанжинин уулу Мехди Хашемини 10 жылга абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды. 45 жаштагы Хамешмиге уурдоо, паракорлук, жана улуттук коопсуздукка шек келтирген деген айыптар тагылып, 15 жылга кесилген.

“Апелляциялык сот баштапкы соттун чечимин күчүндө калтырып, Иран мыйзамы боюнча жазанын эң узагы катары 10 жыл берилгенин” Революциялык соттун маалымат катчысы Мохсени Эжеи билдирди.

Хашемиге ошондой эле айып пул жана саясий кызматка келүүгө тыюу салынды.

Мехдинин атасы Хашеми Рафсанжини 1989-1997-жылдары Ирандын президенти болуп турган. Анын үй-бүлөсү 2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоодон кийин жана оппозициялык кыймылдардын колдоосунан улам бийликтин кысымына кабылган.

XS
SM
MD
LG