Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Жол кырсыгынан соңку он жылда он миң киши каза болгон


Бул тууралуу өкмөт жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктарынын 85 пайызы айдоочулардын айынан болгон. Көп учурда айдоочулар жол эрежелерин сакташпайт.

- Акыркы он жылда жол кырсыктарынан 10 миң киши каза таап, 69 миңи ар кандай жаракат алышкан, - деди Турганбаев.

Министрдин айтымында, 2014-жылы жол кырсыктарынан 923 адам жан берип, 9372си ар кандай жараат алган. Каза болгондордун 130у өспүрүм курактагылар. (UEz)

XS
SM
MD
LG