Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Өз жанын кыйган өспүрүм боюнча ишти прокуратура териштирет


Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун прокурору Сүйүналы Качкынбаев “Азаттыкка” билдирди. Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөдө балага үстөмдүк кылып жүргөн жогорку класстын окуучулары аныкталганын, мындан сырткары түшүнүк кат жаздыруу учурунда мектеп мугалимдери менен аймактык тескөөчүнүн ишине шалаакы мамилеси тыкыр текшерилет.

Бул иш боюнча баланын ата-энеси Жети-Өгүз райондук милициясына эки жолу арыз жазып, райондук милиция аймактык тескөөчү Саламат Дүйшеевге сөгүш жарыялап, башка аймакка которгон. Бирок баланын атасы Элчибай Жээналиев райондук милиция чыгарган жыйынтыкка макул болбой, прокуратурага кайрылган.

2015-жылдын 7-февралында Саруу айылында 8-класстын окуучусу Сыймык Элчибай уулу өз үйүндө жанын кыйган. Ата-энеси буга 2014-жылдын 12-декабрында Саруу айыл аймагынын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Саламат Дүйшеевдин 8-класстын үч окуучусуна басым астында түшүнүк кат жаздыртып, анда Сыймык Элчибай уулу мектепте “система” деген түшүнүк барын, өзү классындагы лидердин оң колу болгонун жазып берген. Бирок атасы Элчибай Жээналиев түшүнүк катты баласын коркутуп жаздырган дейт. (AsA/TSh)

XS
SM
MD
LG