Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

Өкмөт башчы өрттөн үч адамды куткарган балдарга белек тапшырды

Кечээ, 12-июнда, премьер-министр Темир Сариев ушул жылдын 5-майында Кара-Балта шаарында өрттөнүп жаткан үйдөн үч адамды куткарып калган мектеп бүтүрүүчүлөрү Данил Пархоменко, Константин Чернов, Максат Халбеков, Мухаммед Сарсембаев жана Далил Тамашевге ыраазылык катын жана өз белегин тапшырды.

Балдар Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батир өрттөнүп жатканда өз өмүрүн тобокелге салып үч адамды куткарышкан. Куткарылгандардын бири мүмкүнчүлүгү чектелген адам болгон.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү чукул кырдаалда адамды куткаруунун жол-жобосун мектептеги жарандык коргонуу сабактарынан үйрөнүшкөнүн айтышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG