Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Казакстанда балдардын ууланышы жана жейрендердин кырылышы талкууланды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында, тез аранын ичинде Акмолодогу Калач жана Батыш Казакстан облусундагы Березовка айылдарындагы калктын ден соолугу көзөмөлгө алынышы керектигин айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Назарбаев белгисиз ооруну аныктоого эл аралык адистерди чакырууну сунуштады. Аталган облустарда себепсиз эле балдардын ууланган учурлары катталып жатат.

Өлкө башчысы жейрендер кырылып жаткан аймактагы жергиликтүү бийликти ушул абалдан сабак алып, экологияны сактоого байланышкан иш- чараларды жүрүгүзүү керектигин айтты.

Соңку эсеп боюнча, Казакстандын Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында акыркы эки айда жалпысынан 132 миң жейрен кырылган. Анын себеби алиге белгисиз. Өлкөнүн айыл чарба министри өткөн жумада кырылуунун себебин иликтеген комиссия тыянагын үч апта ичинде чыгарарын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG