Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:39

Турдубаев: Токтогул ГЭСинде суу сатууга мүмкүн эмес


Мындай пикирин энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн өкмөт башчынын ГЭС менен таанышуу учурунда билдирди.

"Плотинадагы суунун негизги бөлүгү агрегаттар аркылуу өтүп, ашыкча суу агызууга болбойт. Өткөн учурда да, төмөн жагында жайгашкан Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтеринен катталат. Ошондуктан эл арасында айтылып жаткан кептерге негиз жок",- деди министр Турдубаев.

Азыр Токтогул ГЭСинин плотинасына 8 млрд. 886 млн. куб суу топтолгон, былтыр ушул айда 10 млрд. 142 млн. куб болчу. Суунун агып кириши секундасына 278, чыгышы 1170 кубду түзүүдө.

Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Ал Токтогул ГЭСинде жүрүп жаткан иштер жана Камбар-Ата – 2 ГЭСинин дамбасынын абалы менен таанышат. (RsK/TSh)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG