Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэри Марат Турдубаев 13-июнда “Азаттыкка” өзү билдирди. Ал кызматтан кетүүcүн азыркы мыйзамдар менен шаар башчысы толук кандуу иштей албай турганы менен түшүндүрөт.
“Шаарда жасалчу ар бир жумушка шаардык кеңештин депутаттарынын макулдугун алуу шарт экен, же алар жыйынга чогулбайт, айрым маселелерде биздин сунуштарды өткөрбөй коюп, беш айдан бери чарба-каржы жаатында эч бир жумуш аткарууга мүмкүн болгон жок”,- деди Турдубаев.
Мындан сырткары мэр облус жетекчилигине нааразычылыгын дагы билдирди. Ысык-Көлгө байланышкан кандай иш-чара болбосун администрациядан телефон чалып, акча сурай берүү адаттары бар. Мэрдин айтуусуна караганда, экс-губернатодун мааракесине 15 миң сом, Бишкекте өтүп жаткан айыл-чарба жарманкесине барууга жол кире жана көлдө өткөн ар бир ат оюндарына 10 миң сомдон акча суралган. Губернатор, анын орун басарлары кайра-кайра обладминистрацияга чакырта беришет. Караколго 5 айдын ичинде 33 жолу барып келген. Турдубаев ушундан улам облус жетекчилиги менен тил табышуу кыйын болгонун белгилейт.
Турдубаев арызын 9-июнда жазганын, аны өкмөт кабыл алып, дүйшөмбү күнү расмий жарыя болорун айтты.
Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмил Каптагаев айтылган дооматтарды четке какты. Каптагаев мэр Турдубаев “ден-соолугуна байланыштуу иштей албаганын айтып иштен кеткенин” Азаттыкка билдирди.