Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Чолпон-Атада “Ачык Ысык-Көл” фестивалы өтүүдө


Уюштуруучулар белгилегендей, үчүнчү ирет өтүп жаткан “Ачык Ысык-Көл" эл аралык фестивалы быйыл Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды. Иш-чаранын Бишкекте өткөн бөлүгүндө Ата Мекендик согуштагы куралдардын көргөзмөсү, экстремалдык спорттун түрлөрү - мотокросс жана парашюттан секирүү өнөрлөрү көрсөтүлдү. Ал эми Ысык-Көл облусунда бүгүн ынтымак оту жагылып, экологиялык акция, тоо туризми боюнча тажырыйба бөлүшүүлөр, улуттук оюндар менен тамак-аштын көргөзмөсү уюштурулат.

Фестивалга Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышууда.

“Ачык Ысык-Көл” фестивалы эл аралык достукту бекемдөө, аны менен бирге Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында акыркы үч жылдан бери өткөрүлүп келет.

Иш-чара Ысык-Көл облусунда бүгүн жыйынтыкталат. (AsA)

XS
SM
MD
LG