14-15-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.
15-июнда абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 22…27, тоо этектеринде 15…20, бийик тоолуу райондордо 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
2015-жылдын 14-16 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
15-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
15-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.