Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Хиллари Клинтон: Мен АКШда эң жаш аял президент болом


Демократиялык партиянын атынан АКШнын президенти болууга ат салышып жаткан Хиллари Клинтон үгүт иштерин баштоого расмий киришти.

Нью-Йоркто миңдеген тарапташтарынын алдында сүйлөгөн АКШнын мурунку биринчи айымы жана мамлекеттик катчы өлкөнүн өркүндөшү ишканалардын жетекчилерине гана эмес, бардык жарандарга таандык болушу керек деди.

Ал финансы рыногун көзөмөлдөө, салык реформасы, аял-эркектин бирдей эмгек акысы, мектепке чейин жалпы билим берүү тууралуу айтып, сексуалдык азчылык өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлөлөрүн кодулоого тыюу салынышы керектигин белгиледи.

"Мен бул шайлоодо эң жаш талапкер болбосом керек, бирок мен АКШда эң жаш аял - Кошмо Штаттардын президенти болом" деди ал.

Ал эми тышкы саясатка бир аз токтолуп, Американын коопсуздугун бекемдөө керектигин айтып өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG