Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Ысык-Көлдө милициянын алты бекети ачылды


Бул бекеттер Ысык-Көлдүн туристтер көп барган жана кылмыш көп катталган аймактарына ачылды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Эртең, 15-июнда Ысык-Көлдө "Тартип жана меймандостук" деген аталышта форум өтөт. Ага вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев катышат. Форумда эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланат. 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн 14-июнда аталган обулуска жөнөп кетти. Ал жолдогу бардык жол көзөмөлдөө пунктарында болуп, алардын быйылкы туристтик сезонго карата даярдыктарын текшерди. (TSh) 

 

XS
SM
MD
LG